"Байгемдин 80 пайызын жетим, жесирге берем". Идрис Айтибаев баш байге алды

"Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына карата, Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган республикалык Айтыш-2021 сынагы болуп өттү. Анда төкмө акын Идрис Айтибаев баш байгеге ээ болуп, 1-орунду Баян Акматов, 2-орунду Акматбек Султан уулу жана 3-орунга Тынчтыкбек Эсенбай уулу татыды.

Баш байге 200 миң сом, 1-орун 150 миң сом, 2-орун 100 миң,
3-орун 50 миң сом. Ошондой эле калган акындар диплом жана 30 миң сом кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Байге фонду 1 миллион сомду түзгөн айтышка 12 акын катышты. Тандоо туру 27-мартта КТРКнын концерттик залында өтүп, 42 акын ат салышкан.

“Үйдөн чыгып жатканда эгер байге алсам кайрымдуулукка жумшайм деп ниет кылып чыктым эле. Эми байгемдин 80 пайызын жетим, жесирге берем. Калган 20 пайызын ата-энеме, үй-бүлөмө жумшайм”, - деди баш байгеге татыган Айтибаев.

Он эки акын таймашкан айтыштан кызыктуу репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nursbaike94
2021-03-28 22:05:29
Идрис агай Аллах омур берсин коп кызмат кылыныз элинизге
+13
zhazgul98
2021-03-28 22:30:34
Акындар - булар Кудайдан жиберилген пайгамбарлар. Жумушуңузга бакыт! Эгер жардам бере алсаңыз, жардам бериңиз. Эгер андай болбосо, жок дегенде зыян келтирбеңиз. Адамды жардам, кушту канат көтөрөт дегендей. Азаматсын
-17
jaz99
2021-03-28 22:48:32
zhazgul98,адамды пайгамбар дебейт тооба
+19
zhazgul98
2021-03-28 23:31:55
jaz99,
Кудай ар бир элге өз тилинде сүйлөгөн пайгамбар берген. Ошону билип жур.
-17
nazira...
2021-03-29 07:35:01
zhazgul98,уффф дагы пайда болдубу бул козуткуч. Эч нерсе жакпайт бир эле өзү кыйын. Билип билбей дагы дөөрүп баштадыбы.
+2
Isk..
2021-03-29 08:24:57
zhazgul98,сенда зыян тийгизбечи тилин менен
+3
Aidan_Ek
2021-03-29 10:58:25
zhazgul98,Адамдардын кат сабаты жоюла элек кезде ошондой тушунук болгон, тилинде моору бар адамдарды(акын, Токмо акын, чечен) кудайдын элчиси деп айтышкан. Бирок азыр кат сабатыбыз жоюлуп илимден кабардар болдук. Пайгамбарлар кимдер болгонун таанытык. Билип туруп созго чечен адамдарды пайгамбар деш манкурттук деп ойлойм. Ан сезиминерди онуктуруп, илиминерди кенейткиле. Эски тушунукто калып кетпей.
+2
alym21
2021-03-28 23:10:33
Баян агай ,азаматсыз.Татыктуу жениш.Эмики сынактарда баш байгеге чыгышынызды каалайбыз.
0
asefsa
2021-03-29 00:14:40
Акындарга Кудайдан онор, талант берилген!
+2
Rachki
2021-03-29 09:06:50
Азаматсыз, ийгилик каалайбыз Идирис байке
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан