Акыркы күндөрү көпчүлүк күйөрмандар кайталап угуп, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырлардын сап башында турган бул Эрлан Андашевдин аткаруусундагы "Уяласың го" ыры болуп жатканы белгилүү.
Ырчынын айтымында, аталган ыр 2020-жылы жазылган. Сөзү Жыргал Жусуповага таандык, ал эми обонун ырчы өзү жазган.
"Ар бир ырды жазып жатканда элдин жүрөгүнөн түнөк тапса экен, элге сиңген ыр болсо экен деп тилек кылабыз. Ыр былтыр жазылган. Жазып жатканда мынча популярдуу болот деп ойлогон эмесмин. Клипти тартуу идеясы жана сценарийи режиссёр Улан Шеркуловго таандык. Бирок бардыгы Кудайдын буюрганынан экен. Буюрса дагы да болсо мыкты чыгармаларды күйөрмандарга тартуулайбыз", - деп билдирди ырчы.
Ырчынын аталган чыгармасы өзүнүн YouTube каналында 2 миллион 695 миң 705 жолу көрүлгөн.