Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстандын Чымкент шаарында 14-20-октябрь аралыгында өтүп жаткан баш байгеси 10 миң доллар болгон мелдеште биринчи беттеште утулуп калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет. Анда Данияр мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө орусиялык Фёдор Червяков менен бирге Михаил Фуфягин жана Андрей Плотный аттуу орусиялыктарга 6:4, 7:6 эсебинде жеңилди. Ал эми мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө Данияр беттешин өткөрө элек. Чүчү кулактын жыйынтыгында Данияр орусиялык Михаил Фуфягинге туш келди.