Бүгүн, 15-октябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-күнүндө 60 жана 64 килограмм салмактагы боксчулар ринг үстүнө чыгат. Аталган салмак даражаларында Кыргызстандан Медер Мамакеев (60 килограмм салмакта) менен Эрмек Сакенов (64 кг) аттуу тажрыйбалуу боксчулар бар. Эки боксчубуз тең мелдешти 1-турдан башташат. Медер Мамакеев 14:00дө “В” рингине 2-болуп чыгып, AIBAдин (Эл аралык бокс ассоциациясынын) желеги астында чыгып жүргөн Малик Викаш аттуу боксчу менен беттешет. Ал эми Эрмек Сакенов да ошол эле убакта "В” рингине 8-болуп чыгып, Уэльс өлкөсүнүн өкүлү Дэвис Зак менен беттешмекчи. Эки боксчубуз тең көк формада беттеш өткөрөт. Аталган эки боксчу тең бир топ убакыттан бери ири мелдештерге катышып жүргөндүктөн тажрыйбасы мол, курама команданын алдынкы боксчуларынын бири.