Бүгүн, 30-мартта Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына Hyundai Solaris унаасы түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруу кызматына күбөлөр саат 06:02де каналдын Алматы көчөсү менен кесилишкен жерине жеңил унаа түшүп кеткенин айтышкан.
Атайын техниканын жардамы менен унаа суудан тартып чыгарылган. Ошондой эле ӨКМнын маалымат кызматынан кырсыктан жабыркагандар жок экендигин, унаа милициянын кайгуул кызматкерлерине өткөрүп берилгенин кошумчалашты.