Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында дарыядан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган аял 27-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын жансыз денеси 28-мартта Майлуу-Суу дарыясынан табылган. Ал 1958-жылы туулган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине табылган өлүк болуп катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.