"Күйөрмандарыма орун жетпей калып, үйлөрүнөн отургучтарды алып келишти". Ырчы Айтурган Эрмекова Орусиядагы гастролу тууралуу айтты

Ырчы Айтурган Эрмекова ушул күндөрү Орусиянын бир катар шаарларында гастролдоду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

Ал гастролго 4 айлык ымыркайы менен барган. Ырчы бала багуучусун да алып алган. Ошондой эле анча-мынча кыйынчылыктар болуп жатканын, бирок баласы жоош экенин кошумчалады.

"Орусияга гастролго күйөрмандарымдын атайын чакыруусу менен бардым. Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында 2 күндөн концерт койдум. Гастрол мыкты деңгээлде, аншлаг менен өттү. Күйөрмандарым абдан жакшы кабыл алышты. Эң кубандырганы Москва шаарында көрөрмандарга орун жетпей калып, үйлөрүнөн отургучтарды алып келип көрүштү. Мындан кийин да көп келем деген ойлорум бар", - деди ырчы.

Айтурган Эрмекова Орусияда гастролдо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kyrc...
2021-03-30 13:41:23
Коой айнанайын кооой, озунун автордук бир ырын болбосо анан катип?
+7
Nuuman
2021-03-30 13:59:55
Жаңы ырчылар көбөйгөн же мен жашып өттү окшойт. Мен тааныбайм бул кызды.
+5
Aiymkan89
2021-03-30 14:18:21
Концертке отургуч которуп бармак тугул, кухняда нормальный чай ичетурган стул жок. Бир аз окшоштуруп айтсан жакшы эле. Кайсы шорду сенин концерттин учун метродон метрого тушуп стул которуп журот?!
+5
Agayu
2021-03-30 14:19:57
Мен эч кимге ишенбеймин : тек гана гозумо и мозг мозгума ишенем и все
0
Erlan_95
2021-03-31 02:38:10
Agayu,Сен даже аларга дагы ишенбешин керек окшойт, иштен чыгып баштаптыр
+1
Rusbayastan
2021-03-30 14:36:25
Мындай нерсе дуйнодо дагы боло элек ко дейм ырчылардын концертине уйунон отургуч которуп барган,кичине калпты окшоштурсан
+4
KaGaH
2021-03-30 14:45:10
Бул ким болуп кетти ??
+3
Jibakana
2021-03-30 15:02:29
Мен стульчик которуп барбайт болчум Бир концерт учун
+2
Aituwas
2021-03-30 17:09:03
Айлаанайыыыын окшоштуруп мактанса болсок.Кремильге концерт берип ага эле батпай калгандай анан озун укмуш таанымал ырчыдай сезиптир го.
+2
futboler
2021-03-30 21:07:26
Элестет, Кремлдин залына отургуч көтөрүп кирип бара жатсаң))). Отургуч эмес өзүң ара киресиң ал жерге. Индия кинолоруна сценарий жазып эле иштесең болмок экен, ырдап кыйналбай.
+2
Erlan_95
2021-03-31 02:40:50
Эммм, это не повод для гордости. Вам должно быть стыдно что не смогли нормально концерт организовать. Бул деген коруучулорду сыйлабагандык
0
Akyl78.1501
2021-03-31 05:54:30
Айтургандын өзүнүн бир дагы автордук ыры жок. Өзбек туугандардын ырларын ырдап эле жүрөт уялбай. Ушу биздин ырчыларга таң калам патриоттук сезим жок башка улуттардын ырларын эле уурдап ырдашат. Сүйүнчү деген радиону уксаңар керек уялбай күндө Өзбекче ырларды уктурат. Өзбектер биздин бир дагы ырыбызды радиодон койбойт ырчылары ырдабайт.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-03-31 09:50:05
Самооценка зашкаливает
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан