Ош ШИИБ: "Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин тартибин бузуу боюнча 15 факты текшерилип жатат"

Ош шаарында шайлоо алдындагы үгүт иштеринин тартибин бузуу боюнча 15 маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан шайлоо өнөктүгү учурунда шайлоо өнөктүгүнүн талаптарын бузгандыгы тууралуу айрым партия өкүлдөрүнүн үстүнөн 15 маалымат текшерилип жатат.

"Башкармалыкка келип түшкөн ар бир маалымат боюнча текшерүүлөр жүрүп, массалык маалымат каражаттарына жарык көргөн маалыматтар дагы анализделет. Маалыматтар чындыкка дал келе турган болсо, тиешелүү иш-чаралар аткарылып, соттук кароого жөнөтүлөт. Айрым материалдар маалыматтар тергөө иштери учурунда тастыкталган жок. Айрым саясий партиялар атаандаш партиянын мүчөлөрүнүн коомчулук алдында кадыр-баркын кетирүүгө аракет жасап, туура эмес, такталбаган маалыматтарды таратуу менен алектенип жатканы өкүнүчтүү. Учурдан пайдаланып Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бардык саясий күрөшкө аттанган жарандарыбызды Кыргыз Республикасынын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзамдарын сактоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан