Маалыматка ылайык, 25-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда баңги кылмышына шектүү катары жергиликтүү үч жаран кармалган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 267-берене "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган жарандын жашаган үйүнүн короосунан капка салынган кара-күрөң түстөгү өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 2 килограмм 80 граммды түзгөн марихуана баңгизаты деп аныкталган.
Мындан тышкары иш-чаралардын жүрүшүндө аталган даректен дагы башка эки шектүү кармалган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.