Мык жутуп алган. Бишкекте ооруканадан качып кеткен шектүү боюнча милиция окуянын чоо-жайын айтты

Бишкектеги ооруканадан качып кеткен кылмышка шектүү боюнча Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымат таратышты.

Билдирүүгө ылайык, качып кеткен шектүү 26 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран.

2020-жылдын 17-июль күнү Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 12-июлда Көк-Жар кичи районундагы үйүнөн үй эмеректери жана башка буюмдары уурдалганын айтып, арызданган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Милиция шектүүнүн аты-жөнүн тактап, ал 1995-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран экенин аныктаган. Ушул жылдын 27-февраль күнү кызматкерлер аны Ысык-Көл облусунан кармап, Бишкекке алып келишкен. Ал СИЗО-1ге 27-апрелге чейин камакка алынган. 17-март күнү Мамакеев атындагы хирургиялык борборго жаткырылган. Себеби ал кармоо учурунда мык жутуп алган. Аны Октябрь РИИБинин кызматкерлери кайтарып жатышкан. Кечээ, 30-март күнү саат 13:50 чамасында шектүү качып кеткен. Бишкекке "Перехват" планы жарыяланып, учурда издөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.





Мык жутуп алып ооруканага түшүп, качып кеткен шектүү изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jibakana
2021-03-31 10:02:06
Тоба Тоба журогу журок элек мык жутсам олуп каламынбы деп коркпогон...
0
Kadyrova_
2021-03-31 12:35:19
Ууру күчтүү болсо ээсин доого жыгат деген макал ушундан калганда.тобаа.эски адамдар олуя болушканда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан