Кечээ, 30-мартта Чүй облусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй районунда саат 23:26 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Арал айылында Mercedes-Benz Sprinter менен Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам жеңил жаракат алышкан. Алар 1991-жылы жана 1980-жылы туулган жарандар. Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адамдар жолдо бараткан унаанын жардамында ооруканага кетишкенин билдиришти.