"Жекеме-жекеге чыгабыз". Ырчы Кудайберди Айтбосуновдун бийчи баланы жаакка чапкан видеосу тарады

Ырчы, "Жылаңач баатыр" реалити долбоорунун финалчысы Кудайберди Айтбосунов бийчи катары таанымал болгон Бакыт Макеевди жаакка чапты. Алардын ортосундагы пикир келишпестик тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, бир катар суроолорду жаратты.

Мырзалардын ортосунда эмне болгонун билүү үчүн ырчы Кудайберди Айтбосуновго байланышканыбызда, экөө бири-бирин уруш талаасына чакырганын, жакында мушташ болорун айтты.

"Негизи эле бийчи бала менин дарегиме карата жаман пикирлерин айтып, мени аркы дүйнөгө алып барам деген сөздөрдү таратып жүрүптүр. Кечээ балдарды ээрчитип алып мен жүргөн ресторан жакка келиптир. Ошол жерден бир аз тартышып, анан видеодогудай иш болуп кетти. Жекеме-жекеге чыгабыз жакында", - деди ал.

Интернет колдонуучулар видеонун алдына Бакыт Макеевдин кезектеги хайпы деген пикирлерин калтырышууда.

Буга чейин Бакыт Макеев модель Аскат Осмонов менен беттешкен. Ага экөөнүн ортосундагы келишпестик себеп болуп, балдар рингде беттешүү чечимине келишкен.

Ырчы Кудайберди Айтбосунов менен бийчи Бакыт Макеев "жекеме-жекеге" чыгат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bond02
2021-03-31 11:39:37
Жаагынан сылап коет го,чаппай эле.
+3
Jacob.
2021-03-31 12:48:10
Жакшы ойношуптур, азыр эптеп эле “хайп” жаратышса эсеп, артисттердин урушканынан эки короздун урушканы кызыгыраак болот...
+8
munduz2016
2021-03-31 13:08:27
Кезектеги кинобу?
+2
Azat-123
2021-03-31 14:58:10
Отдуши тытышып мушташкылачы, бир отуруп чер жазып көрөлү деген коменттерди күттүңөр беле?(
Карың деле жашың деле бир-бириңе душман чыгып бүтбөдүңөр, эртеге шайлоодо дагы адаттагыдай бирин-бири жемей башталат, АША алкоголик болгону менен туура эле айтып кеткен экен:Кыргыздын душманы Кыргыз деп
+6
4ikaGo
2021-03-31 17:14:03
Шоу да булардыкы.
+3
almanbetperm
2021-03-31 22:06:17
Вальске тушосунорбу
+1
Sezimim...
2021-04-01 01:50:23
Жашоо жасалма, мамиле жасалма, суйлогон созубуз жалган... Адамдык сапаттыбыз томондоп акча, пиар, бийлик учун олдук го адамдар...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан