Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 31-мартта болжол менен саат 00:45 чамасында 102 кызматына Бишкек шаарынын Витебская жана Маяковская көчөлөрүнүн кесилишинен акчамды тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда, 1987-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсин белгисиз жарандар эч себепсиз уруп, сабап 16 миң сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алып, качып кетишкенин жазган.
Кармоо иш-чаралары жүрүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган жаран кармалып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.