УКМК: "Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын башчысы кармалды"

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгында жеке ишкерлерден пара алган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Б.Т. мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Ал кол алдындагы кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъекттеринен системдүү түрдө акча алуу түрүндө коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.

Кечээ, 30-мартта аталган жаран кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден системдүү түрдө пара алуу жана аталган салык кызматынын инспекторлору менен башчынын ортосунда бөлүштүрүү фактылары катталды", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ошондой эле УКМК көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттер болгон учурда, 0312 66 00 20 номерине же Whatsapp 0501 66 00 20 ишеним телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөт.

Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын башчысы кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asman779
2021-03-31 13:34:39
Эл кыйналып жашап жатат, бүт кымбат. Буга чейинки чоңдору да далайды жеген да. Болгон канын сыккыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан