Чүйдүн Жайыл районунда катуу сабалып, ооруканада каза болгон жарандын өлүмүнө шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр 31, 26, 25 жаштагы жарандар. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери башталды.
27-март күнү аймактык ооруканадан милицияга денесинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн эркек киши жөнүндө маалымат берилген. 28 жаштагы жаран эртеси күнү ооруканадан каза болуп калган.