14-октябрь күнү Бишкекте “Аккула” ат майданында улуттук оюндар боюнча Ормон хандын 220 жылдыгына арналган “Манас оюндарынын” салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдештин ачылышына вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов, ЖКнын депутаты, КРнын Көк бөрү федерациясынын президенти Канат Исаев жана шаар башчы Иса Өмүркулов катышты. “Манас оюндары” 14-20-октябрь аралыгында өтүп, анда кунан чабыш, көк бөрү, жорго салыш, аламан байге, тыйын эңмей, кыз куумай, эр эңиш, ордо, тогуз коргоол жана кыргыз күрөш боюнча мелдештер өтөт.