30-31-март күндөрү кыргыз эстрада ырчысы Мирлан Баеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда "Оригинал" аталышындагы биринчи жеке концертин берди. "Кызыл өрүк", "Ай, кызым", "Дубайга", "Селкиге" деп аталган хит ырлардын аткаруучусу бул концертти көптөн бери пландап жүргөнүн, 2020-жылы пандемияга байланыштуу берилбей калганын айтты.
"Сахнага алгач "Жоролор" куудулдар тобу менен концерт коюп эле жүргөнбүз. Болгону ырчылыкка аттангандан бери жеке концертимди бере элекмин. Биринчи жолу концерт коюп жатканга жана жаман оору болуп көптөн бери сахнага чыкпай калганга толкундануу болуп жатат. Бул концертти былтыркы жылы март айында берели деп пландап жатканыбызда карантин жарыяланып токтотконбуз. Бүгүнкү күнгө буйруган экен, мына минтип эл алдына чыгып ырларыбызды тартуулап, көңүлдөрүн көтөрүп жатабыз. "Оригинал" аталышындагы ырым бар, концертти ал ырдын атынан койгон жокпуз, болгону концертибизге чынында өзгөчө номерлерди киргизип оригиналдуу кылалы дедик. Мисалы, мыкты оркестрдин коштоосунда жандуу үн, "Жоролор" тобунан жана Союзбек Сейитказиев сыяктуу куудулдардан күлкү номерлери бар, мындан сырткары маркум апамдын уурматына монолог даярдаганбыз. Көзү тирүү болсо ушул концертте сыйлуу конок болуп отурар эле деп концертибизди апама арнаганбыз. Кеченин дагы бир өзгөчөлүгү жубайым Созул Казиева биринчи жолу сахнага чыгып ырдайт. Буга чейин "Жанымда бол" аталышындагы дуэтибизди интернетке чыгарганда көп күйөрмандардан мактоолорду укканбыз. Ал мактоо сөздөр түрткү болду десем болот", - деди Мирлан Баеков.
Ырчыны колдоп келген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев "Мирлан өзү "Кызыл өрүк" хит болуп турганда эле чоң концерт бериши керек эле" деген сөздөрүн айтты.
"Мирлан сахнадан сырткары иним да болуп калат. Тырышчаактыгы менен сахнада өз ордун тапты. Элпек жагы да бар. Үйүмдө мык каккан сыяктуу жумуш болуп калса, жок дебей жасап кетет. Андыктан жакшы көргөн шакиртим десем болот. Негизи жеке концертти "Кызыл өрүк" хит болуп жаткан кезде эле берсе болмок. Мирланды бир гана кыргыз эли эмес, казак эли да абдан сыйлашат, ырларын сүйүп угушат", - деди ал.