Бир адам ооруканада. Бишкекте эки жеңил унаа сүзүштү

Бүгүн, 31-мартта болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкектин Калык Акиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, БМВ жана Хондай үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

"Жол кырсыгынан Хондай үлгүсүндөгү унаадан бир жаран жабыркап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда", - деп билдирди кайгуул кызматынын маалымат катчысы.

Бишкекте Калык-Акиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан