Бокс: Дүйнө чемпиондугунда Эрмек Сакенов биринчи беттешин жеңди
Бүгүн, 15-октябрь күнү Алматыда бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда 60 жана 64 килограмм салмактагы боксчулар рингге чыгууда. Жаңы гана кыргызстандык мушкер Эрмек Сакенов (64 кг) биринчи беттешин жыйынтыктады. Эрмек Уэльс өлкөсүнүн өкүлү Дэвис Зак аттуу боксчу менен кез келип, жеңишке жетти. Беттеште Эрмектин тажрыйбалуулугу байкалып турду. Атаандашы Эрмекке караганда чапчаң кыймылдап, көп сокку багыттап жатты, бирок Эрмектин беттешке болгон тактикасы жакшы чыгып, көбүрөөк таамай сокку узатты. Айта кетсек, мындан мурда 60 килограмм салмактагы ринг үстүнө алгачкылардан болуп чыккан кыргызстандык мушкер Медер Мамакеев жеңилип калган болчу.