Бишкек шаарында 31 жаштагы жаран такси кызматын жалдап, Төмөнкү Ала-Арча аймагына жеткирүүнү суранган. Жерине жеткенде айдоочу менен жүргүнчү өз ара уруша кетип, жүргүнчү айдоочунун башына, колуна узундугу болжол менен 30 сантиметр болгон отвёртка менен бир нече жолу сайып, денесине зыян келтирген. Андан соң айыпталуучу таксисттин унаасын айдап качып, Маевка айылына токтотуп таштап кеткен. Жөн кетпей унаанын ичиндеги уюлдук телефонун уурдай качкан жаранга сот өкүм чыгарды.
Окуянын чоо-жайы:
Окуя 2020-жылдын 13-декабрь күнү болгон. Айыпталуучу Бишкек шаарынын Жибек Жолу менен Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишинен 1994-жылы туулган такси кызматынын айдоочусун жалдап, Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча аймагына барган соң таксист менен сөздөн сөз чыгып уруша кетип, өзгөчө оройлук менен айдоочунун башына, колуна, узундугу болжол менен 30 сантиметр болгон кара түстөгү отвёртка менен бир нече жолу сайып, денесине зыян келтирген. Жабырлануучу ооруканага кайрылганда анын башынын арткы оң тарабы эзилип, сол кулагынын астыңкы жери жана оң колунун манжасынан жаракат алгандыгы аныкталган.
Мындан тышкары айыпталуучу ошол эле күнү айдоочу менен өз ара урушуп тарап кетишкенден кийин кайра келип Тойота-Калдина унаасын ээсинин жоктугунан, унаанын ачкычы кулпуда турганынан пайдаланып, айдап качып, Маевка айылынын Садовая көчөсүнө таштап кеткен. Токтоткон соң материалдык пайда көрүү максатында жабырлануучуга таандык болгон унаанын ичинде баасы 14 миң сомду түзгөн Самсунг А30 үлгүсүндөгү телефонун жашыруун түрдө алып, окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.
Айыпталуучу 1990-жылы 28-августта Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда сот жообуна тартылган эмес.
Сот отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган
"Жабырлануучу мага эч кандай материалдык жана моралдык дооматтары жок, биз экөөбүз жарашып, ал мага карата тосмо арыз жазып берди. Ишти өндүрүштөн кыскартууну суранам", - деген ал.
Өкүм: