Аксыда көз жарган 7-класстын окуучусу. Облустук милиция териштирүүнү баштады

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагына караштуу айылдардын бириндеги орто мектептин 7-классынын окуучусу төрөгөнү маалымдалган. Бул боюнча облустук милиция териштирүүнү баштады.

Маалыматка ылайык, Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери 102 кызматына чалып, 2007-жылы туулган кыздын төрөгөнүн билдирген.

Бул факты Аксы РИИБинин электрондук журналына "16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу" боюнча катталган.

"1-апрель күнү 14 жаштагы мектеп окуучусу Аксы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө келип төрөгөндүгү аныкталган. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан