Бүгүн, 2-апрелде Чүй облусунун Пригородное айылында жук ташуучу унаа менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык эртең менен саат 06:30 чамасында Бишкек-аэропорт Манас унаа жолунда болгон.
"Renault Duster үлгүсүндөгү унаа жүк ташуучу унаанын артынан сүзгөн. Натыйжада, жеңил унаанын айдоочусу жаракат алып ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти маалымат кызматынан.