Ырчы Бурул Арунова кырсыктап, унаасы зыянга учурады. Окуя 1-апрелде күндүз орун алганы ырчы менен байланышканыбызда маалым болду.
Айтымында, унаада апасы, сиңдиси жана кызы бар болчу.
"Жолдо бара жатканда бир унаа чыга калды. Мен буйтап кеткенге жетиштим. Кудайга шүгүр, унаа зыянга учурады, өзүбүз жакшыбыз. Ал эми айдоочу качып кетти.
Мындан 4 күн мурун да кырсыктагам, анда да Кудай сактап, эч нерсе болгон эмеспиз", - деди ырчы.