Башкы прокуратура "Ош" аэропортун реконструкциялоодо мыйзам бузулганын кабарлады

"Ош" эл аралык аэропортун реконструкциялоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аэропортто 2019-2020-жылдары оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 320-берене "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 233-беренеси "коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" менен каттоого алынып, УКМКга өткөрүлдү.

"Перронго жаңы материал төшөө жана байланыш тармагын жаңылап чыгуу учурунда мыйзам бузулуп, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталды. Тагыраагы, 2020-жылдын сентябрь айынан тарта 2021-жылдын январь айына чейин "Манас" жана "Ош" аэропортторунун айрым кызматкерлери тарабынан аткарылган иштер тиешелүү документтери туураланбай туруп кабыл алынган. Текшерүү учурунда курулуш материалдарынын жана жасалган иштердин баасы 3 миллион 400 миң сомго жогору көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. Ошондой эле перрондун айрым жерлериндеги асфальт сапатсыз төшөлгөнү аныкталган", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан