Гүлжайна Атаканова: "Өзүм батирде жашап жүргөндө айылга ата-энеме эки кабат үй салып бергем"

Белгилүү куудул, ырчы Гүлжайна Атаканова жаңы үй алып SUPER.KG порталы анын ак өргөөсү менен таанышып, акыркы жаңылыктарын угуп келдик.

"Жыйырма жети жашымда жер тилкесин, 30 жашымда унаа алдым. Анан 30-32 жашымда өзүм батирде турсам да ата-энеме айылга эки кабаттуу үй салып бергем. Жакшы нерсени ата-энем биринчи көрсүн дедим. Ал эми бул үйүмдү чыгармачылыктан тапкан каражатка алган жокмун. Ал жактан тапкан акча кээде өзүнүн чыгымын өзү жаппай калат. Ак өргөөмдү башка эле бизнестеримден тапкан акчага алдым. Үйдү эки, үч жыл мурда алмакмын. Ортодон жол тандабас айдайм деп, планым артка жылып кетти. Ошентип Кудай буюруп үйгө 2020-жылы жеттим", - дейт Атаканова.

Гүлжайна Атаканова: “Көп эле нерсени бартердик негизде алдым“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jelezo
2021-04-02 18:50:24
Ата энеңе жасаган кызматың жакшы бирок элге жарыя кылбай жаса,башка жигит кыздарга да айтаарым.
+3
arimaz89
2021-04-03 04:42:36
Кыздар ушундай болсо. Кээ бир кыздар иттин күчүгүнөн да төмөн. Айрым кыздар ата-энесине зыян алып келиши мүмкүн, бирок пайда алып келбегендер толтура. Андан караганда иттин күчүгү зыянсыз, энесин кыйнабай жөн гана кетип калат чыгаша кылбай
0
Aiymkunumjyldyzym
2021-04-03 23:38:13
arimaz89,не деп жазганынды кайра окуп чыкчы.Озун тушунбой каласын
0
Bak.taalai
2021-04-10 10:16:34
Aiymkunumjyldyzym,тушунуктуу эле экен. Кыздар ушундай жардам кылган болсо зыянын тийгизбей дептир. Зыянын тийгизген кыздарга караганда иттин кучугу жакшы дейт. Эмнеси тушунуксуз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан