14-20-октябрь аралыгында Казакстандын Чымкент шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев мелдештин жалгыздан жана жуптан ойнолуучу эки бөлүгүндө тең жеңилип калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет. 15-октябрь күнү мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө Данияр Дулдаев орусиялык Михаил Фуфягинге каршы беттешип, 7:5, 6:7, 6:4 эсебинде жеңилип калды. Айта кетсек, Данияр буга чейин аталган мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө да жеңилип калган болчу.