Чүйдө мыйзамсыз миграция уюштуруу фактысы менен коңшу өлкөнүн жарандары кармалды

Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз миграция уюштуруу фактысы аныкталган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Чүй ОИИББинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Аламүдүн районунун аймагындагы ишканалардын биринде Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн коңшу өлкөнүн жарандары аныкталган. Алар 1996-жылы туулган Д.Н., 1988-жылы туулган Х.Д., 1997-жылы туулган Р.Т. жана 1972-жылы туулган Х.М. аттуу жарандар.

Аталган жарандар ишкананын ичинде жатып иштешкени териштирүү учурунда аныкталган. Чогултулган материалдар УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
orun
2021-04-03 10:50:50
Кайсыл коңшу өлкөнүн жараны экенин жазбаптырсыңар. Ошондой эле Х. Д, С.Д, П. Х деп келип акырында аттуу жарандар деп койгонуңар кызыктуу экен). Ушундай аттуу да адамдар барбы ыя.
+3
Asmat84
2021-04-03 15:43:42
orun, жазса болбой калат да Х .У .ф лар окуп калышса өтө капа болушат
+5
Kuban-1207
2021-04-03 12:05:27
Аты жөнүн толук жазгылачы
+2
Arslan11
2021-04-03 13:44:10
Узбекистан болуш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан