30 жаш жана сахнага чыкканына 10 жыл болду. Самара Каримова Ош шаарында чоң той өткөрүүдө (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бүгүн, 4-апрелде кош майрамды белгилеп, той өткөрүүдө. Ырчы саналуу күндөн кийин орун ала турган туулган күнү менен сахнага кадам таштаганына 10 жыл болгонун белгилеп, чоң той өткөрүүдө. Салтанат Ош шаарындагы тойканалардын биринде өтүүдө.

Тойго шоу-бизнес, маданияттын белгилүүлөрү, ырчынын жакындары, курбулары, ошондой эле башка өлкөлөрдөн дагы келип конок болушууда.

Самара айым тойду "30 жаш" аталышындагы жаңы ыры менен ачат. Учурда меймандар жайгашууда. Тойдогу алып баруучулук тизгинди Асан Ибраев аркалоодо.

Белгилүү дизайнер-модельер Арзубек Вонама ырчыга атайын Бишкек шаарынан чоң белек алып келди. Чоң кутучанын ичинде эмне бар экени тост сүйлөгөндө белгилүү болот дейт ал.

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бө­лү­мүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган. Ырчынын репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар. "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча, Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон.

Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.
Жеке жашоосу:

2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Асан Мансуровго турмушка чыгып, үч балалуу болушкан. Улуусу Барсбек 2012-жылы, кызы Даткайым 2013-жылы, кичүү уулу Алихан 2015-жылы төрөлгөн.

Самара Каримова 30 жашын белгилеп той берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Yahoo
2021-04-04 19:31:51
а выглядит вполне за 40
+16
nazira...
2021-04-04 19:36:40
Yahoo,ну
+7
Orozaly737373
2021-04-04 19:45:29
Аман деп туура эмес жазып койупсунар
+1
BEKAjan
2021-04-04 19:49:00
Чоң артисттер албаган сыйлыктарды алып кыйын го
+10
bond02
2021-04-04 20:19:50
Акчан болсо калтанда талтанда да талтанда.
+13
KaGaH
2021-04-04 20:23:23
Асан Жантай чал көрүнбөйт го
+8
zhazgul98
2021-04-04 20:36:58
Маданият аркылуу жарыктыка умтулабыз. Андыктан жаштарды маданият жана искуствого тартуу, кызыктыруу керек. Көркөм өнөр гана бизге билбеген нерселерди айтууга мүмкүнчүлүк берет. Маданияттын, Көркөм өнөрдүн милдети - карандылыктан адамдарды чыгаруу.
-10
Aiymkunumjyldyzym
2021-04-05 00:24:06
zhazgul98,Чачын кара сен
+2
sessa
2021-04-04 23:31:50
30 ыр 10 клип тартып эле эмгек сиңирген наамды алыптыр, Кахаровадай эжелерибиз эмгиче ала элек, эмне деген адилетсиздик!
+13
Jaka1978
2021-04-05 08:57:41
бесит...
+3
Haanykeim
2021-04-05 10:13:50
30жаш эмес 40жаштагыдай көрүнөт экен,чачын жасалгасына караганда..
+2
AykaMer
2021-04-05 10:50:45
10- Апрелде туулса эмне мынча шашты анан туулганына...
+2
Kurbanalieva1991
2021-04-05 11:22:53
Адам бир жолу эле төрөлөт. миллион подписчике той берген адамга 10 жыл сахнада охооо да...
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан