Бүгүн, 4- апрелде маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Малик Аликеевге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти ардактуу наамын тапшырып келди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Анда ырчынын үй-бүлөлүк абалы менен таанышып, президент Садыр Жапаровдун жана премьер-министр Улукбек Мариповдун атынан материалдык жардам тапшырылды.
Ырчы Малик Аликеев өткөн жылы кокустап, жамбаш сөөгүн сындырып алып төшөктө жаткан. Ага июль айында операция жасалып, ооруканадан чыккандан кийин Таласта жүргөнү кабарланган.