Министр Кайрат Иманалиев Таласка болгон иш сапарында облустук музыкалык драма театрына барды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда министр театрга жаңы кабыл алынган группанын катышуусунда коюлуп жаткан 7-апрель элдик революцияга арналган спектаклдин этаптык жүрүшүнө токтолду.
Мындан сырткары Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасынын 75 жылдыгына карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктардан кабар алды.
Ошондой эле Талас шаардык музыкалык мектептин учурдагы жасап жаткан иш аракеттери жана "Манас Ордо" улуттук тарыхый-маданий комплексте жүрүп жаткан жаңыланууларды эмгек жамаат менен талкуулады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан