SUPER.KG порталынын маек төрүндө бул сапар алып баруучу Максат Довранов болду. Өз сөзүндө ал быйыл бир башты эки кылып үйлөнөрүн айтты.
- Салам, Максат? Социалдык тармактардан байкап отуруп быйыл бир жакшы жаңылыгың бардай сезилет.
- Саламатсыздарбы? Ооба, байкаганыңыздардай эле жакшы жаңылыгым менен бөлүшөйүн деп толкунданып турам. Үч жылдан бери тынч турган жашоо 2020-жылдан баштап кыймылдай баштады. Менин үй-бүлө куруп, балалуу болсом деген кыялдарым ишке ашканы турат, тагыраак айтканда, жакынкы күндөрү той. Бир башты эки баш кылалы деп турабыз
- Сүйүктүүң менен кантип таанышып калдың?
- Экөөбүз интернет аркылуу таанышканбыз, карантинге байланыштуу сегиз ай телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, анан жолуктук, башында сүрөттөрүн көрүп жактырып калгам. Биринчи кадамды мен таштап ага жазгам ал жооп берип сүйлөшүп калдык.
- Ал сен телефондон эле жактырып калган экенсиңда, эмнеси менен арбап алды?
- Негизи сен сүйгөн адам, өмүрлүк жарың сенин айтканыңды кылып турса, сени ойлоп турса, бир сөзүңдү эки кылбаса деп тилек кылат экенсиң, ошол нерселерди андан байкадым, жакшы сапаттары мени өзүнө тартып турду. Телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп жүз көрүшпөй туруп сүйүп калдым. Мамилеси, ыйманы, тарбиясы жана жөнөкөйлүгү жагат.
- Ал тууралуу айтып берсең? Кайдан болот? Канча жашта?
- Кенен маалыматты тойдон кийин айталы, балким, бирге келип маек беребиз. Кыскача айтканда, 21 жашта, чыгармачылыктан алыс жүргөн инсан, менин чыгармачылыкка аралашып жүргөнүмдү таанышкандан кийин билди. Өзү Оштон болот жердешпиз.
- Социалдык тармактарда дагы жүзүн катып, ал тууралуу көп маалымат бербейсиң, мында бир себеп бар болсо керек?
- Ооба, жүзүн жашырып жүргөнүм чын. Мунун себеби бар. Мен өзүмдү эмес, сүйлөшкөн кызымды ойлоп кылам. Ага жаман сөз жазылбасын, ал бул нерсени туура эмес түшүнуп албасын деп элден катам. Ал азыр чыгармачылыктын ачуусун-таттуусун түшүнө элек. Буюрса, тойдон кийин баары белгилүү болот.
Толугу менен видеодон көрүңүз.