Ырчы Анжелика Кайратова коронавируска кабылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу билдирди.
Ырчы COVID-19га алгачкы ирет кабылганын, кыздары, жакындары үчүн кабатырланганын айткан.
"Эртең менен тиш пастанын даамын, андан кийин атырдын жытын сезбей калдым. Шоколад жесем оозумда пластилин жүргөндөй болду. Дароо тест тапшырдым. Көп өтпөй коронавируска кабылганым билинди. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын адистери үйдү дезинфекциялап, компьютердик томографиядан өтүшүм керектигин айтышты. Дене табым көтөрүлгөн жок, жөтөлүм дары ичерим менен жоголду. Коронавирус менен ооруп, айыккан тааныштарым чалып, маанайымды көтөрүштү. Алар ооруну көп ойлонбой, катуу ырдап, бийлеп, жакшы маанай менен гана доктурлардын көзөмөлүндө жеңип кетеримди айтышты", - деп жазган ырчы.