15-октябрь күнү Европада футбол боюнча 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары жыйынтыкталды. Өз тайпасында 1-орунду ээлеп жолдомо алган командалардын катарын Орусия курама командасы да толуктады. Алар акыркы беттешинде Азербайжан курама командасы менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгып 1-орунду камсыздай алышты. Орусия Дүйнө чемпиондугунда акыркы жолу 2002-жылы ойногон. Ал эми учурда Европага берилген 13 жолдомонун 9у ээсин тапты, дагы 4 жолдомонун ээлери тайпада 2-орунду ээлеген командалардын кошумча беттештеринен кийин аныкталат. Кошумча беттеш өткөрө турган командалардын атаандаштары 21-октябрь күнү чүчү кулактан кийин анык болот. Тайпада 2-орунду ээлеп, кошумча беттеш өткөрө турган 8 команда эки топко бөлүнгөн. Чүчү кулактын жыйынтыгында 1-топтогу бир команда 2-топтогу команда менен үйүндө жана конокто беттеш өткөрөт. Ал командалар төмөндө:
1-топ
Португалия, Греция, Хорватия, Украина
2-топ
Франция, Швеция, Румыния, Исландия