Бишкек шаардык соту бүгүн, 5-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиевге козголгон кылмыш ишин кайра кароо үчүн материалдарды Октябрь райондук сотуна жөнөттү. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 2013-жылдын 1-декабрында “Унаа-ууру” рейди жүргүзүлүп, анын натыйжасында 18 жаштагы Т.Тимурлан, 17 жаштагы М.Самидин, 18 жаштагы А.Фарух, 17 жаштагы М.Эрнист кармалган. Алар Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап жаткан жеринен кармалышкан.
Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда Ташиев Тимурландын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын ичинен 8 кирпич, дөңгөлөктүн 20 тирөөч болту, 3 балондуу ачкыч жана домкрат табылган. Кармалгандардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин уулу, 18 жаштагы Тимурландын бар экени айтылган.