Аксыда көз жарган кыздын окуясы. Баланын атасы деп шектелип 17 жаштагы айылдашы кармалды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда көз жарган окуучунун окуясы боюнча кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 5-апрель күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Кармалган А.К. аттуу жаран "зордуктоо" беренеси менен шектелип, учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Ал кыздын айылдашы", - деди басма сөз кызматынан.

1-апрелде Аксыдагы айылдардын биринде 7-класста окуган окуучу көз жаргандыгы тууралуу жазганбыз. Аны ата-энеси сокур ичеги болуп калды деп ооруканага алып барган. Кыз окуган мектептин директору менен соцпедагогу өз арыздарынын негизинде кызматтан кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Guli-85
2021-04-05 19:21:40
Байкуш мугалимдер жок жерден жеп жаткан нандарынан айрылып, кыздын ата энеси кандай жаза алды кызын карабаганы үчүн
+9
Noon
2021-04-05 20:22:37
Директор менен соц педагог салып бериптирбиз? Айбан элесинер, чириген системанарды, куураган турмушунарды баарын башыңарга тартып алгыла чоңдор. Эзип кууратып буттунор
+8
Mister-XXX
2021-04-05 21:40:35
Noon,Чондор эч нерсе кылган жок.Директор менен ошол мугалим оздору арыз жазып,"иштегенге укугум жок"-деп чыгып кеткен.
-5
Gulina90
2021-04-05 22:08:20
Мугалимдер эмне күнөө кудай сакта
+7
ninja82
2021-04-06 16:39:07
Болоор иш болду,бойоосу канды дечуу беле!? Эми ата энелери бир чечимге келишип,кудалашып койушсун. Бала камалса эмне болот эле,бузулат,жок болот. Жашы жетелек кызды зордуктады дешинер мумкун,бирок ал иш отту. Кашаны озу даярдады,озу жесин эми омур бойу.
+1
Erlan_95
2021-04-06 16:40:26
ninja82,Кечирип кой, бирок 13 жаштагы кыз менен 17жаштагы бала светтик, закону бар мамлекетте уйлоно албайт))))). Даже жашы жеткенде деле баласы 5-6га чыгып калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан