"Элмуратты Түркияда "төрөгөм", атасы ошол жакта" дейт Алтынай Нарбаева. KG Элмураттын үй тоюнан жана уул тоюнан репортаж

"Күлгүн жаш", "Жалынба", "Адашкан сүйүү" жана башка хит ырлардын аткаруучусу KG Элмурат бүгүн үй тою менен бирге уул той берди. SUPER.KG порталы ырчынын жакшылыгында конок болуп, атайын репортаж даярдап келди.

Той шаарыбыздын ресторандарынын биринде өтүп, өзгөчөлүктөргө бай болду. Эшиктен кирип дароо кыргыз жыттанган аураны сезесиң. Ырчы атасына, кайын атасына, уулдарына жана жакындарына окшош калпак тиктирип кийгизгенин байкадык. Келиндердин башында жоолук. Анан да спирттик ичимдиктер коюлбаган "адал" той болду.

Үй-бүлө биринчи жолу көп эл чакырып той берип жатканга ары чуркап, бери чуркап кызмат кылып жүрсө да микрофон астына келип той туурасында айтып берди.

"Үйлөнгөнүбүзгө 10 жыл болду. Кудайга шүгүр, 3 балалуу болдук, эми мына үйлүү да болуп отурабыз. Бир кызым, эки уулумдун жакшылыгы десем болот. Кубанычыбызда чек жок. Биринчи той болгонго кемчиликтер болсо кечирим сурайбыз. Ак өргөөнү сатып алдык, андан соң өзүбүзгө жага тургандай кылып оңдоп-түздөп алдык. Буга чейин SUPER.KG порталына чыккан интервьюдан кийин эл Оштогу үйдү Бишкекте деп ойлошуптур. Андай эмес, азыркы үйүбүзгө чейин батирде турдук, эми мына шүгүр кылып отурабыз. Элдин батасы жок кантип жашамак элек деп бата алып жатабыз", - деди Элмурат.

Кеченин алып баруучусу Өзгөн өнөрпоздорунун бири Алмаз Шер. Келген коноктордун арасында дал ошол Өзгөн районунан чогулган чыгармачыл топту байкабай коё албайсың. Ырдашып, өзгөчө шаң менен бир туугандай болгон Өзгөн өнөрпоздорун сөзгө тарттык. Алардын апасы атына конгон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева "Элмуратты Түркияда төрөгөм, атасы ошол жакта" деп күлдүрдү. өзгөчө маектерге, жандуу аткарууларга, күлкүгө толгон репортажды толугу менен видеодон көрө аласыз.

Өзгөн өнөрпоздорунан шаңдуу маек. Ырчы KG Элмурат үй той берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sagyn.91
2021-04-06 06:46:47
Дайыр кантет, ажыкызданып?)
+2
didu
2021-04-17 10:24:44
Тайир десен жалпак тилче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан