Кыргыз ырчысы Оскар Батыров "Яны Мон" долбоорунда орусиялык продюсер жана музыкант Валерий Меладзе менен дуэт аткарды. Ал видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Башкортостандык эстрада жылдызы Элвин Грей "Яны Мон" (жаңы муун) аттуу эл аралык музыкалык-телевизиондук конкурс уюштурган. Бул конкурс Орусиянын Уфа шаарында өтүп жатат, ага катышуу үчүн 8 миң билдирме келип түшкөн. Ага 26 жаштагы кыргыз ырчысы Оскар Батыров да катышты. Батыров Меладзе менен биргеликте Константин Меладзеге таандык "Красиво" аттуу чыгарманы аткарышкан.
"Мен үчүн маэстро менен ырдоо чоң сыймык болду. Рахмат!", - деп жазган Батыров.