Жаранды мыйзамсыз камакка алган. Свердлов райондук сотунун судьясынын ишин Акыйкатчы көзөмөлдөйт

Бишкек шаарындагы СИЗО-1де жаран 9 күн мыйзамсыз отурган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Акыйкатчыга камакка алынган А.С. аттуу жарандын жактоочусу арыз менен кайрылган. Арыз ээси Свердлов райондук сотунун судьясы кылмыш ишин кароодо анын кардары сот актысы жок 9 күн камакта болгонун жазган.

"Такталгандай, 2020-жылдын 24-ноябрында кармалган А.С. соттук териштирүү учурунда аны камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Жазык кодексине ылайык, мындай баш коргоо чарасы эки ай сайын узартылып турушу керек, ал эми 2021-жылдын 24-январында аталган жарандын камакта болуу мөөнөтү бүткөн. Бирок 2021-жылдын 24-январынан 2-февралына чейин ал Бишкектеги СИЗО-1де болгон. 2-февралда өткөн сот отурумунда, жактоочу 9 күндөн бери мыйзамсыз кармалып турган кардарын бошотуу жөнүндө өтүнүч келтирген. Бирок Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы бул өтүнүчтү четке кагып, кармалган жаранды бөгөт коюу чарасын ушул жылдын 3-февралынан тартып дагы эки айга узартып салган. Жактоочу өз кайрылуусунда Акыйкатчыны өз ыйгарым укуктарынын чегинде чара көрүүнү суранган", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул маселе боюнча Акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага жана Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына тиешелүү кайрылууларды жөнөтүп, алар учурда каралып жатат.

Акыйкатчынын пикиринде, кармалган жарандын укуктарын бузуу фактысы тастыкталса, судья мыйзамга ылайык жооп бериши керек, анткени ченемдик укуктук актыларга жана эл аралык документтерге ылайык, адамды соттун актысы жок камакта кармоо адам укуктарын одоно бузгандык болуп саналат. Бул маселе аягына чыкканга чейин Акыйкатчы Аппаратынын көзөмөлүндө болорун кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан