Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев "Кайдыгер караба" деген жаңы ыр жаздырып, өлкөдө болуп өткөн саясий окуяларга байланышкан клип тартты. Клип ырчынын Youtube платформасындагы өздүк каналына чыкты.
Клиптин баяндамасына ырчы "Социалдык тематикадагы чыгарма. 30 жылдан бери бийлик өкүлдөрү эл ырыскысын тоноп, жеп гана келе жатышат! Ошого нааразы болгондон жазылган ыр", - деп жазган.
Примбердиев чыгармасында элдин эртеңки тагдырына кайдыгер карабоого үндөп, билимдүү болууга чакырган. Видеоклипти төмөнкү шилтеме аркылуу кирип, көрө аласыз.
Буга чейин ал жаңы ыр жаздырып жатканын, аны мамлекеттик делинген каналдардан, радиолордон уктуруп, көрсөтүүгө аракет кыларын билдирген. Ырчы Примбердиевден бул тууралуу сураганыбызда, айрым радиолор ойлонуп көрөбүз дешкенин, КТРК жообун эртең берерин айтты.