Чүйдө милиция тыюу салынган диний уюмдардын өкүлдөрүнүн үйлөрүнө тинтүү жүргүздү

Чүй облусунун Москва районунда тыюу салынган диний уюмдардын өкүлдөрүнүн үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы “экстремист” деп аталган рейд өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө “Йакын инкар” агымын колдогондордун үйлөрү тинтүүгө алынып, экстремисттик мазмундагы материалдар алынганын кабарлады.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 315-берене "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

"3-апрель күнү Кыргыз өлкөсүнүн аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон Чүй облусунун Москва районунун жашоочуларынын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда 12 даректен диний экстремисттик уюмуна таандык болгон материалдар алынган. Жалпысынан 300дөн ашык китептер, 35 дептер, 65 баракча, 39 брошюра, ноутбук, телефондор, дисктер жана флешкалар далил буюм катарында алынган. Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Raik
2021-04-06 21:00:07
Эмне кереги бар динди бөлүп. Аллага кулдук кылам десе оңой, ачык берилген жол м-н эле амал кылса болот го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан