Комузчу Чолпон Мелисбекова сулуулар сынагында баш байгени алды

Комузчу Чолпон Мелисбекова аялдар арасында өткөрүлгөн "Супер Lady-2021" сулуулар сынагында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу комузчу SUPER.KG порталына айтып берди.

Комузчунун айтымында, сынак 20 жаштан 60 жашка чейинки аялдар арасында өткөрүлүп, жеңүүчүлөр улуу муун жана кичүү муун деген эки категория менен тандалган.

"Сынакты Чолпон Сакенова уюштурду. Катышуучулардын боюна, салмагына, жашына, кесибине басым жасалган жок. Баарыбыз 2 ай окуудан өттүк. Жыйынтыгында финалга жеткен 23 катышуучунун ичинен баш байгени жана Түркияга жолдомо утуп алдым", - деп билдирди ал.

Чолпон Мелисбекова дүйнөлүк белгилүү ырларды комуздун кайрыктарына салып чертип, жалпы элге таанымал болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mr.ulan89
2021-04-06 15:58:02
Куттуктайм комузду соонун чертет эмоция менен
+3
rysik79
2021-04-06 17:05:29
Куттуктайм Чолпон аябай таланттуу кыз!!! Самара Токтакунова эжебизден кийинки эле кызыбыз. Дайым ийгилик каалайм!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан