Ырчы, "Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисти Айтурган Эрмекова менен Ош шаарына болгон иш сапарыбызда жолугушуп, маектештик. Жакында эле Орусиядагы мекендештерге концерт коюп келген ырчы жашоосу, чыгармачылыгындагы жаңылыктары менен бөлүштү.
Орусиянын төрт шаарында концерт койгонун, алдын ала тойлорго буюртма алып алгандыгына байланыштуу дагы эки аймакка барбай калганын айткан ырчы наристеси менен башка өлкөгө болгон сапары тууралуу буларга токтолду.
"Гастролубуз аябай жакшы болду. Куудулдар айтмакчы, баланы төрөп койсоң эле чоңоё берет. Чындыгында эле бала колдон колго алынып, чоңоюп калат экен. Убакыт бат өтүп, балама 3 айдан ашыптыр. Кайним тамашалап "15 жашыбызда Орусияга бармак түгүл, азыр деле бара элекпиз. Иним эми эле Орусияны кыдырып койду го" деп калат.
Уулум атасына окшош, көп уктайт. Гастролдо жүргөндө балам мени колдоп уктап жатты. Бала багуучубуз деле бар болчу, бирок жолдошум баласаак болгондуктан, экөөбүз карап жаттык", - деди ал.
Ырчыгы бала менен үйдө эле отуруп турбайсыңбы деген пикирлер айтылган. "Үйдө отура бермекмин. Бирок Санкт-Петербургга былтыр эле концерт коёбуз деп уюштуруп, билет дагы сатылган. Пандемияга байланыштуу концертим токтотулган. Ошол нерсе көкүрөгүмдө тура бергендиктен, аткарып коюшум керек дедим. Бир эле жерге концерт койсоң, башка жактагылар таарынышат экен. Анан башка шаарларга дагы уюштурулуп, концертим аншлаг менен өттү. Чет жактагы мекендештер ырчыларды белгилүү, белгилүү эмес деп бөлүшпөй, баарын колдоп турушат экен", - дейт ал.