Ырчы Айтурган Эрмекова таанымал болуп баштаганда жакын адамы бут тосконун айтат

"Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисти, ырчы Айтурган Эрмекова SUPER.KG порталынын маек төрүндө конок болду. Бул ирет ырчы чыгармачылыгы, жеке жашоосу, курбулары, ийгиликтери, ошол эле учурда бут тосуулар тууралуу кеп курду.

Аты чыгып баштаганда жакын адамы тарабынан бут тосуу болгонун айтты.

"Мындан 2-3 жыл мурда бут тосуу болгон. Атым чыгып баштаганда эжекелерим айтып калчу бут тосуулар эми башталат деп. Мен адамдар менен өтө жакын болуп, берилип, ачык айтып жүрө бериптирмин. Көрсө шоудо анчалык берилбеш керек экен, кандай мамиле кылса, ошого жараша мамиле жасап, дос күтпөш керектигин түшүндүм. Жашоодо көп нерсе болот тура, анын баарынан өттүк. Азыр үй-бүлөлүү болгондуктан, менин сырдашым, бир тууганым жолдошум болуп калды", - дейт ал.

Айтурган айым чыгармачыл адамдар менен болгон достугун алардын ырчы болгондугу менен байланыштырбайт.

"Чыгармачыл адамдардын арасынан Самара Каримова, Сайкал Садыбакасова менен достошуп келем. Ал курбуларым менен ырчы болгонго чейин эле дос болчумун. Мен үчүн алар жөн эле Самара, жөн эле Сайкал, ошол үчүн дос тутам. Эртең Самара президент болуп кетсе деле дос катары калам. Достукка аябай бекем адаммын", - деди ырчы.

"Сахнада эркектерден Бактыяр Токторов, кыздардан мен "жиндирээкпиз" дейт Айтурган Эрмекова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bond02
2021-04-06 22:13:08
Белгисиз маршрут.
+3
Talantus
2021-04-06 22:22:39
Самолёту учат го.
+2
zhazgul98
2021-04-06 22:24:55
Көрө албас дос биздин эң жаман душманыбыз. Эгер кимдир бирөөнүн жолу болсо, ага көз артпа, тескерисинче, аны менен кошо кубан, ошондо анын бактысы сеники болот; Ким көрө албас болсо, өзүнө жаман кылат. Көрө албастык - бул жан дүйнөнүн тынчсыздануусу (нааразычылыгы). Максатынды бийик кой дагы алдыга умтула бер Айтурган. Оокатынды кыла бер, оркундой бер.
-1
rysik79
2021-04-06 22:25:38
Туалетке кеттим.
+4
Aimani
2021-04-06 23:24:27
Самара президент болуп кетсе сен дос боло бересиң бирок ал дос болбой калат.сага убактысы жок болуп калат.
+11
nazira...
2021-04-06 23:43:22
Aimani,.
0
Asmat84
2021-04-07 08:03:07
Ошондо Асан ака аяшиң турбайбы аа
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-04-07 12:43:07
Самара президент болбой калсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан