Ырчы Айтурган Эрмекова бир күндө эң көп дегенде 7-8 тойдо кызмат көрсөтүүгө жетишкен. Бул туурасында ырчы менен маектешкенибизде белгилүү болду.
Маек учурунда ал ырчылардын концерттен киреше таап, бутуна туруп кеткенин көргөн эмесмин дейт.
"Ырчылардын баары эле концерт коюп, киреше тапкан эмес. Бизде тойлор көп эмеспи, эл суранып чакырып жатса барасың да. Мен тойдо ырдоону элдин кызматында жүрүү деп ойлойм, бул нормалдуу эле көрүнүш.
Бир күндө орто эсеп менен 4-5 тойго барам, эң көп барганым 7-8 болсо керек. Андан дагы көп болушу мүмкүн, бирок эстей албай жатам. Ал эми тапкан кирешем боюнча айтсам, бир күндө орто эсеп менен 2 жарым миң доллар каражат тапкам", - деди ал.
Ырчы мындан тышкары чет өлкөдө жашаган кыргыздардын тойлоруна чакыруу алып турарын, ал жактан тапкан каражаты көбүрөөк болорун кошумчалады.