АКШда кыргызстандыктар футболдук беттеш өткөрөт

АКШнын Огайо штатындагы Цинциннати шаарында 18-19-20-октябрь күндөрү кыргызстандыктар "Ынтымак" кубогу футболдук мелдеш өткөрөт. Турнирди АКШдагы КРнын элчилигинин колдоосу менен "Кыргыз салам" диаспорасы уюштурууда. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Турнирге Нью-Йорк, Чикаго, Огайо, Филадельфия, Висконсина жан Колифорния штаттарында жашаган кыргыздардан куралган командалар катышат. Иш-чарага аталган ассоциациясынын өкүлдөрү да катышат. 2007-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан мелдештин максаты - Америкада жашаган кыргыздарды бириктирүү жана ынтымагын арттыруу. Футболдон сырткары быйыл стол тенниси жана шахмат боюнча да мелдештер өткөрүлөт.  

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан