Орусияда беш жылдан ашык дайынсыз жоголгон адамдын көмүлгөн жери аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ушул жылдын февраль айынын аягында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө материал келген. Анда Баткен облусунун тургуну Х.Т. аттуу аял кишинин 2015-жылдан бери байланышпай, дайынсыз жоголгон 1971-жылы туулган уулун издөөгө көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2013-жылы Москвага иштегени кетип, 2015-жылы акыркы жолу жакындары менен байланышкан. Ал Москва шаарынын Коньково районунда убактылуу жашап турган. Бул жаран жоголгон күндөн баштап жакын туугандарынын аны өз алдынча издөөсү натыйжа берген эмес.
Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Х.Р. 2008-жылы Орусия Федерациясынын жарандыгын алгандыгы аныкталган. Ал 2015-жылы 8-мартта Москва шаарында жайгашкан В.В.Виноградов атындагы шаардык клиникалык ооруканасына "Тез жардам" кызматы аркылуу түшүп, 19-мартта эки тараптуу пневмония менен ооруп, каза болгон. Каза болгон адамдын жакын туугандары өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлөндүрмө үчүн кайрылбагандыктан, 2015-жылдын 6-апрель күнү Москва шаарынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо башкармалыгынын Гагарин районундагы бөлүмү маркум Х. Р. өлгөндүгү тууралуу күбөлөндүрмө даярдалып, 11-апрель күнү мамлекеттин эсебинен көмүү үчүн өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда бул окуя туугандарына айтылган.