Бокс: Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык мушкер Турат Осмонов калыстардын талаш туудурган чечими менен жеңилди
Бүгүн, 16-октябрь күнү Алматыда бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-күнү өтүп жатат. Бүгүн рингге чыга турган кыргызстандык мушкерлерден биринчи болуп 49 килограмм салмакта Турат Осмонов чыкты. Аталган боксчунун катышуусундагы беттеш жаңы гана жыйынтыкталды. Анда Турат италиялык Мануэль Каппай менен беттешип, калыстардын 100%га талаш туудурган чечими менен италиялык боксчу жеңип кетти. Анткени беттеште Турат Осмонов ишенимдүү түрдө жеңишке жеткени ачык эле көрүнүп турду. Ринг үстүндөгү калыска да беттеш бүткөн соң италиялык боксчунун колун көтөрүү күтүүсүз болду. Анткени калыс жеңүүчүнүн колун көтөрүү учурунда Турат жеңишке жеткенине ишенип турса, италиялык боксчу утулганын моюнга алгандай болуп турган болчу. Азыр 69 килограмм салмакта Эркинбек Болотбек уулунун рингге чыгышы күтүлүүдө.