Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов АФКнын аткаруу комитетинин жыйынына катышты

Бүгүн, 7-апрелде Бахрейндин борбору Манама шаарында Азия футбол конфедерациясынын Аткаруу комитетинин 7-жыйыны болду. Жыйынга Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов катышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга ФИФАнын президенти Жанни Инфантино дагы катышты.

"Жыйында АФКнын президенти Шейх Салман АФК ассоциацияларынын мүчөлөрүнө АФК Чемпиондор Лигасынын жана Кубогунун квалификациялык оюндарын борборлоштурулган форматта өткөрүүгө кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

АФКнын аткаруу комитети 20 жашка чейинки кыздар арасындагы Азия Кубогу-2022 мелдешин өткөрүү укугун Өзбекстанга берүү чечимин кабыл алып, 2022-жылдын 4-апрелинен 17-апрелине чейин өтө турганын тастыктады.17 жашка чейинки кыздардын арасындагы Азия чемпиондугу 2022-жылдын 9-майынан 22-майына чейин Индонезияда өтөт.

Ошондой эле жыйындын катышуучулары Пакистан футбол федерациясынын ФИФАга мүчөлүгү токтотулгандыгы тууралуу кабардар болушту. Себеби нааразычылык акцияларына чыккан топ Лахор шаарында жайгашкан Пакистан футбол федерациясынын штаб квартирасын ээлеп алып, имаратты өз карамагына алышкан.

АФКнын Аткаруу комитети 2021-жылга карата финансылык жагдай тууралуу маалымат укту, ошондой эле АФКнын 31-конгресси 2021-жылдын ноябрь айында Доха шаарында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан