Кара-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, аял киши күйүк алган. Абалы оор

Кара-Сууда турак үйдөн өрт чыгып, аял киши күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жийделик айылында жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 85 чарчы метр чатыры, 20 чарчы метр бир бөлмөсү жана үй эмеректери күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 52 жаштагы аял киши 2-даражадагы күйүк алып, Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, абалы оор.

Өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан