Бүгүн, 8-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалынын экинчи күндүк оюндары өттү.
Германиянын бир нече жолку чемпиону "Бавария" командасы Мюнхен шаарында Франциянын "ПСЖ" командасын кабыл алды. Оюн башталгандан аягына чейин кызуу өтүп, алгачкы эле мүнөттөрүндө "ПСЖ" командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе оюн эсебин ачты. "Бавария" командасы чабуулдарды биринин артынан бирин жасады. Бирок "Бавария" командасынын чабуулчусу Роберт Левандовскийдин оюнда жоктугу билинип, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдүн баары ишке ашкан жок.
"Бавария" - "ПСЖ" (2:3).
Голдор: Килиан Мбаппе (оюндун 3-мүнөтүндө), Маркиньос (оюндун 28-мүнөтүндө), Шупо-Мотин (оюндун 37-мүнөтүндө), Мюллер (оюндун 60-мүнөтүндө), Килиан Мбаппе (оюндун 68-мүнөтүндө).
Бул эки команданын жооптук оюну 14-апрель күнү Париж шаарында өтөт.
Экинчи жуптук оюн Португалияда өтүп анда "Порту" командасы өз үйүндө Лондондук "Челси" командасын кабыл алды. Коноктор үй ээлерине эч кандай мүмкүнчүлүк бербей ишенимдүү түрдө жеңишке жетишти.
"Порту" - "Челси" (0:2).
Голдор: Мейсон Маунт (оюндун 32-мүнөтүндө), Бен Чилуэлл (оюндун 85-мүнөтүндө).
Бул эки команданын жооптук оюну 14-апрель күнү Лондон шаарында өтөт.